Кабулда болгон жарылууда 12 Америка аскери каза болду

БиБиСи  жогорку мартабалуу медицина кызматкерине таянып берген кабарында эң аз  60 кишинин каза болгондугун жана 140 кишинин жаракат алгандыгын жарыялады.

1698013
Кабулда болгон жарылууда 12 Америка аскери каза болду

Афганистандын борбор шаары Кабулда кечки сааттарда  болгон үчүнчү жарылууда ондогон адамдын каза болгондугу билдирилди. 

Үчүнчү жарылуу Хамид Карзай аэропортунун жакындарындагы бомбалуу кол салууларда каза болгон жана жаракат алгандар алып барылган Биринчи жардам ооруканасына жакын жерде болду. 

БиБиСи  жогорку мартабалуу медицина кызматкерине таянып берген кабарында эң аз  60 кишинин каза болгондугун жана 140 кишинин жаракат алгандыгын жарыялады. 
Хамид Карзай эл аралык аэропорту жайгашкан аймакта болгон жарылууда Американын  12 аскери каза болду. 

Associated Press атын билдирбеген АКШ жетекчилеринин кол салууларды "ДЕАШ террордук уюмдун аткаргандыгына" ишенгендигин маалымдаган. 

Америкалык башка бир жетекчи да "алгачкы отчетко караганда бир жан кечтилик кол салуу экендигине" ишенгендерин билдирди. Шаарда бир күндө алты башка жардыруу болду. 



 

 

 

 



Тектеш кабарлар