АКШ тарабынан Ооганстандан эвакуацияланган адамдардын саны 48 миңге жакындады

АКШ акыркы 24 саатта Кабулдагы «Хамид Карзай» эл аралык аэропортунан дагы 10 миң 900 адамды эвакуациялады.

1696194
АКШ тарабынан Ооганстандан эвакуацияланган адамдардын саны 48 миңге жакындады

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Афганистандан эвакуация процесси башталган 14-августтан бери эвакуацияланган адамдардын саны 48 миңге жакындаганын билдирди.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, АКШ акыркы 24 саатта Кабулдагы «Хамид Карзай» эл аралык аэропортунан дагы 10 миң 900 адамды эвакуациялады.

Билдирүүдө, акыркы 12 саатта 15 аскердик рейстин негизинде 6 миң 600, 34 коалициялык каттам менен 4 миң 300 киши ташылып эвакуациялоо башталган 14-августтан бери АКШ тарабынан эвакуацияланган адамдардын санынын 48 миңге жакындагандыгы баса белгиленди.

Ошондой эле билдирүүдө июлдун аягынан бери болжол менен 53 миң кишинин да башка өлкөлөргө көчүрүлгөндүгү маалымдалды.



Тектеш кабарлар