Нигерияда куралдуу кол салууларда 23 киши каза болду
Батыш Африка өлкөсү Нигериянын Кацина жана Кадуна аймактарында куралдуу кишилер жасаган кол салууларда 23 киши каза болду.
Батыш Африка өлкөсү Нигериянын Кацина жана Кадуна аймактарында куралдуу кишилердин кол салуусунда 23 киши каза болду. Кацина коопсуздук директору Гамбо Иса берген маалыматында мотоциклчен куралдуу кишилердин аймактын Басари аймагындагы Дуба айылына кол салгандыгын белгиледи. Иса кол салууда 14 кишинин каза болгондугун, 6 кишинин да жаракат алгандыгын маалымдады.
Кадуна аймагынын ички коопсуздук жана ички иштер комиссары Самуэль Аруван берген маалыматында аймактын Загон Катаф аймагында болгон кол салууларда 9 кишинин каза болгондугун, көп сандаган кишинин жаракат алгандыгын билдирди. Аруван аймакта куралдуу кишилер барымтага алган 12 кишини армиянын куткаргандыгын маалымдады.
Өлкөдө акыркы учурларда куралдуу кишилердин мотоциклдер менен кол салуусунан улам айрым аймактарда мотоцикл колдонууга тыюу салынган.
Аймактарда айрым учурларда мал - чарбачылыгы менен алектенген фуланилер менен дыйканчылык менен алектенген айрым уруулардын ортосунда катуу кагылышуулар болууда.
Кадуна аймагында өткөн жылы куралдуу кишилер жасаган кол салууларда 937 киши каза болуп, 1972 киши уурдалган.
Малдарын багуу үчүн өлкөнүн түштүгүнө көчкөн фуланилер дыйкандардын малдарын уурдаганга аракет кылып, өздөрүнө кол салышкандарын айтышууда.