"Tesla" компаниясы адам сымал робот чыгарат

Робот электромобилдерде колдонулуучу технология менен иштелип жатат.

1694957
"Tesla" компаниясы адам сымал робот чыгарат

Электромобилдерди чыгаруучу америкалык Tesla компаниясынын ээси Илон Маск компаниянын эми роботторду чыгарарын жарыялады.

Компания адамга окшош роботтун үстүндө иштей баштады.

Робот электромобилдерде колдонулуучу технология менен иштелип жатат.

Беш манжалуу колдорго ээ боло турган робот болжол менен 177 сантиметр жана 57 килограмм салмакта.

Илон Маск роботтун адамга караганда жайыраак кыймылдай тургандай түрдө долбоорлонгонун баса белгиледи.

Роботтун прототибин быйыл даярдоо пландалууда.



Тектеш кабарлар