Талибан: «Кытай Ооганстанды калыбына келтирүүдө чоң роль ойной алат»

Афган элинин эркин сыйлоо керектигин баса белгилеген Шахин, эл аралык коомчулукту талибдерди расмий түрдө таанууга чакырды.

1694841
Талибан: «Кытай Ооганстанды калыбына келтирүүдө чоң роль ойной алат»

Талибандын өкүлү Сухейл Шахин, Кытайдын Ооганстанды калыбына келтирүүдө чоң роль ойной аларын айтты.

Шахин Кытайдын Борбордук телекөрсөтүүсүнө (CCTV) кайрылып, Ооганстанды калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Кытай- эбегейсиз экономикасы жана дарамети бар чоң өлкө. Афганистанды калыбына келтирүүдө чоң роль ойной алат», деди.

Коңшу жана аймактык өлкөлөр менен биргеликте бүткүл дүйнөнү Ооганстанды калыбына келтирүүгө чакырган Шахин, бардык өлкөлөрдүн колдоосуна муктаж экенин белгиледи.

Афган элинин эркин сыйлоо керектигин баса белгилеген Шахин, эл аралык коомчулукту талибдерди расмий түрдө таанууга чакырды.

Талибандын жетекчилигиндеги Ооганстанда аялдардын эркиндигине байланыштуу тынчсызданууларды да четке каккан Шахин, аялдардын билим алуу жана иштөө укуктарын коргой тургандарын айтты.

Шахин эл аралык экономикалык жана финансылык мекемелерге да чакырып салып, жаңы бийликти үчүн каржылоону суранды.

Жекшемби күнү Кабулду курчап алган талибдер президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып, өкмөттүк күчтөр борборду таштап кеткенден кийин шаарды кагылышуусуз көзөмөлгө алышкан болчу.



Тектеш кабарлар