Нед Прайс Кабулдагы эвакуациялар тууралуу билдирди

АКШнын Мамлекеттик департаментинин катчысы Нед Прайс Хамид Карзай эл аралык аэропортунан ушул кезге чейин 7 000 адамдын эвакуациялангандыгын билдирди.

1694508
Нед Прайс Кабулдагы эвакуациялар тууралуу билдирди

АКШнын Мамлекеттик департаментинин катчысы Нед Прайс Афганистандын борбор шаары Кабулдан эвакуацияларда аэропорттон ары өтө турган ресурстарынын жок экендигин айтты.

Прайс күнүмдүк пресс- жыйынында Хамид Карзай эл аралык аэропортунан ушул кезге чейин 7 000 адамдын эвакуациялангандыгын билдирди.

Азыркы учурда аэропортто 6 000 адамдын бар экендигин айткан Прайс бул адамдардын да кыска убакытта учактар менен эвакуацияланарын белгиледи.

Прайс эвакуациялооиштерин ылдамдатуу үчүн Кабулга дагы көп консулдуктук кызматкерлерин жиберишкендерин, консулдуктун айрым кызматкерлеринин транзит иштери үчүн Катар менен Кувейтке жиберилгендигин айтты.

Эвакуация үчүн аэропортко бара албагандардын абалы тууралуу да маалымат берген Прайс : «Аэропорттон ары өтө турган ресурстарыбыз жок»,- деди.

Жекшемби күнү борбор шаар Кабулду курчоого алган Талибан президент Ашраф Ганинин өлкөдөн чыгышы жана өкмөт күчтөрүнүн борбор шаардан чыгышы менен шаарды эч кандай кагылышуу болбостон эле көзөмөлүнө алган.



Тектеш кабарлар