Иран афган качкындардын өлкөгө киришине бөгөт койот

Афганистандын чек ара коңшусу Иран 3 миллион Афганистан жаранын алган.

1693384
Иран афган качкындардын өлкөгө киришине бөгөт койот

Ирандын ички иштер министрлигинин чек ара иштери боюнча башкы директору Хүсейин Касыми Иран сот органдарына караштуу «Мизан» маалымат агенттигине берген маалыматта, Талибан башкарууну колго алган Афганистандагы абалдарга көңүл буруу менен жана Ковид  - 19 эпидемиясынын жайылышына тоскоол болуу максатында Афганистан чек арасына олуттуу чектөөлөрдүн киргизилерин айтты.

Касыми ушунун негизинде Түштүк Хорасан, Систан  -  Белужистан жана Резеви Хорасан аймактарында жайгаштырылган коопсуздук күчтөрүнө «Иранга кирүүнү каалаган афгандарга тоскоол болуу» жолдомосунун берилгендигин  билдирди.

Афганистандын чек ара коңшусу Иран 3 миллион Афганистан жаранын алган. Алардын ичинен 800 миңи катталган.

Талибан өлкөнүн башкаруусун колго алгандан кийин бир топ афган өлкөлөрүнөн кача баштады.

Жекшемби күнү борбор шаар Кабулдун айланасын курчоого алган Талибан президент Ашраф Ганинин өлкөдөн, өкмөт күчтөрүнүн борбор шаардан чыгышы менен шаарды кагылышуу болбостон өз көзөмөлүнө алды.



Тектеш кабарлар