Ангела Меркель : "Афганистанда болгондор абдан оор абал"

Германиянын канцлери Ангела Меркель Афганистандагы окуялар эл аралык миссия үчүн өтө оор экенин айтты.

1692491
Ангела Меркель : "Афганистанда болгондор абдан оор абал"

Германиянын канцлери Ангела Меркель Афганистандагы окуялар эл аралык миссия үчүн өтө оор экенин айтты.

Афганистандагы окуялар боюнча маалымат жыйын өткөргөн Меркель окуялардан сабак алуу керек экенин белгилеп, Кабул аэропортундагы абалдын чыңалуусуна көңүл бурду.

Меркель Талибандын бүт өлкөнү көзөмөлгө алганы тууралуу : «Бул Германия жана анын союздаштары үчүн өтө оор абал»,- деди.

Терроризмге каршы күрөшүү үчүн 20 жылдан бери Афганистанда экендигин билдирген Меркель, пландарын ишке ашыра алышпаганын жана аракеттери ийгиликсиз болгонун айтты.

Меркель Афганистандан ыктымалдуу  качкындар толкунуна да токтолду.

«Биздин негизги максатыбыз - бизге түз жардам бергендерди (афгандарды) алып келүү бирок учурда Кабулда мүмкүнчүлүк жок. Азыркы учур үчүн  көптөр  коркуп жатышат, коңшу өлкөлөрдөгү жашоо – турмушуна карайбыз. Мындай кырдаалдар үчүн коңшу өлкөлөргө жардам жана колдоо көрсөтөбүз», - деди  Меркель.



Тектеш кабарлар