АКШ Кабулга кошумча 1000 аскер жиберүүдө

Пентагондун басма сөз катчысы Кирби билдирүү жасады.

1692355
АКШ Кабулга кошумча 1000 аскер жиберүүдө

Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Жон Кирби, Ооганстандын борбору Кабулдагы эвакуация операциясына колдоо көрсөтүү үчүн кошумча дагы 1000 жоокер жөнөтүлөрүн маалымдады.

Пентагондун басма сөз катчысы Кирби өз билдирүүсүндө, АКШ тарабынан Кабулда жүргүзүлгөн эвакуация операциясына баа берди.

Кирби Кабулдагы америкалыктарды жана АКШны колдогон ооганстандыктарды эвакуациялоо үчүн өлкөгө кошумча 1000 жоокер жөнөтүүнү чечкендерин жана алардын жалгыз максаты эвакуацияны коопсуз кылуу экенин айтты.

Басма сөз катчы, бул чечим менен АКШнын администрациясы тарабынан Ооганстанга эвакуация операциясы үчүн жөнөтүлгөн кошумча аскерлердин саны болжол менен 6 миңге жеткенин билдирди.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Талибандын ортосунда 2020-жылдын февралында жетишилген тынчтык келишиминин алкагында эл аралык күчтөрдү Ооганстандан чыгаруу жараяны башталган болчу.



Тектеш кабарлар