Афган аскерлери тик учактар менен Өзбекстанга конду

Афганистанда тик учактар менен Талибандан качкан аскерлер Өзбекстандагы пахта талаасына конду.

1692504
Афган аскерлери тик учактар менен Өзбекстанга конду

Афганистанда тик учактар менен Талибандан качкан аскерлер Өзбекстандагы пахта талаасына конду.

Өзбекстанда Талибандан качан 20дан ашуун афган аскери болгон 2 аскердик тик учактын Афганистан чек арасына жакын Сурхандарыя аймагындагы пахта талаасына конгондугуна байланыштуу көрүнүштөр соцтармакта жарыяланды.

Түнкү сааттарда тартылып алынган көрүнүштө өзбек жетекчинин талаага конгон 2 тик учактагы афган аскерлерине ким экендерин жана араларында жаралуулардын бар же жок экендигин сурады, афган аскерлеринин да өздөрүнүн учкуч экендерин айткандыгы көрүнүүдө.

Видеодо бир өзбек жетекчинин : «Эмне себептен бул жерге келип кондуңар»,- деген суроосуна афган аскери өзбек тилинде : «Афганистанда согуш чыкты. Талибан Кабулду алды. Биз да аянттан качып чыктык. Башка айлабыз жок. Бул жерге конгонго мажбур болдук»,- деп жооп берди. Видеонун акырында бул тик учактарды аэропортко алып баруу үчүн өзбек жетекчилеринин да тик учактарга отурганы көрүнүүдө.

Өзбекстан башкы прокурорлугунан берилген маалыматта 14 – 15 – августта 585 афган аскерин ташыган Афганистан куралдуу күчтөрүнө таандык 22 аскердик учак жана 24 тик учактын өзбек аба майданын бузуп өлкөгө киргендиги билдирилген.

Маалыматта Ханабад аэропортуна конууну каалаган Embraer моделиндеги афган учагын Тирмиз аэропортуна багытоо максатында учкан Mig-29 өзбек аскердик учагынын да афган учагы менен кагылышып Сурхандарыя аймагына түшкөндүгү, учкучтардын парашют менен секиргендиги билдирилген.

Ошол эле учурда Талибандан качкан 158 афган жараны Афганистан менен чек араны белгилеген Амударья аркылуу сүзүп Өзбекстанга өттү.

Өзбекстан башкы прокурорлугунан берилген маалыматта араларында аскерлер да болгон 158 афган жаранынын кечээ Амударья аркылуу мыймаз тышы жолдор менен Өзбекстандын Тирмиз районуна киргендиги белгиленди. Маалыматта бул тууралуу териштирүү ишинин баштатылгандыгы билдирилди.

Айрым маалымат каражаттары да Афганистандын мурдагы вице  - президенти, Маршал Рашид Достумдун Өзбекстанга баргандыгын билдиришкен.

Өзбекстан өткөн айда Ковид-19га байланыштуу Афганистан менен чек арасын убактылуу жапкан жана афган жарандарына виза берүүнү токтоткон.

14 -  августта да Талибандын кол салуусунан качкан 84 афган аскери Өзбекстанга баш калкалаган. 84 афган аскеринин үчөөсү жаралуу болгон.



Тектеш кабарлар