Тажикстан Ганинин өлкөгө келбегендигин билдирди
Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Афганистандын президенти Ашраф Ганинин өлкөгө келгендигине байланыштуу кабарлардын чындыкты чагылдырбагандыгын билдирди.
Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Афганистандын президенти Ашраф Ганинин өлкөгө келгендигине байланыштуу кабарлардын чындык эмес экендигин билдирди.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Ганинин учагынын Тажикстан аба мейкиндигине кирбегендиги жана өлкөнүн территориясына конбогондугу маалымдалды. Билдирүүдө тажик тарабына мындай бир талаптын да келбегендиги билдирилди.
Бир тараптан Афганистандын Ташкенттеги элчилигинин жооптуусу да берген билдирүүсүндө Ашраф Ганинин Өзбекстанда экендигине байланыштуу эч бир маалыматтын жок экендигин кабарлады.
Айрым маалымат каражаттарында талиптердин Афганистандын борбор шаары Кабулга киришинен кийин өлкөсүнөн чыгып кеткен Ашраф Ганинин Тажикстанга кеткени тууралуу кабарлар орун алган.
Тектеш кабарлар
"Вампир" өлүмчүл бактериялары
Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды.