Талибандан качкан афган аскерлер Тажикстанда

Афганистанда Талибандан качкан 143 афган аскер 3 учак жана 2 тик учак менен Тажикстанга барды.

1692105
Талибандан качкан афган аскерлер Тажикстанда

 Афганистанда Талибандан качкан 143 афган аскер 3 учак жана 2 тик учак менен Тажикстанга барды.

Тажик тилинде уктурууларды берген «Озоди» радиосу ичинде 3 аялда болгон 143 афган аскеринин 3 учак жана 2 тик учактын кечээ түнү Тажикстандын Афганистан чек арасындагы Бохтар аэропортуна конгондугун жарыялады.

Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу мамлекеттик комитетинин кызматкерине таянган кабарда, афган аскерлеринин Бохтар шаарындагы университеттин жатаканасына убактылуу жайгаштырылгандыгы билдирилип, тажик бийлигинин афган  аскерлерин башка бир жерге жайгаштыруу жөнүндө сүйлөшүп жаткандыгы маалымдалды.

Кабарда афган аскерлеринин жанындагы 56 куралды тажик бийликтерине тапшыргандыгы да билдирилди.



Тектеш кабарлар