Талибан Кабулга кире баштады, башкарууну өткөрүп берүү башталат

Ооганстандын Ички иштер министрлиги талибдер борбор шаар Кабулдун четине кире баштагандан кийин администрацияны өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр башталаарын жарыялады.

1691391
Талибан Кабулга кире баштады, башкарууну өткөрүп берүү башталат

Ооган администрациясы башкарууну өткөрүп берүү үчүн талибдер менен сүйлөшүүгө макул болду.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги талибдер борбор шаар Кабулдун четине кире баштагандан кийин администрацияны өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр башталаарын жарыялады.

Ички иштер министринин орун басары генерал Абдул Саттар Мирзаквал өзүнүн Twitter баракчасына бөлүшкөн видеодо Кабул элине кайрылып,«Ооганстандын ички иштер министринин милдетин аткаруучу катары мен бардык коопсуздук күчтөрүнө, атайын күчтөргө жана башка кызматкерлерге шаардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кызматтарын ар кайсы жерлерде улантууну буйрудум. Биздин эл тынчсызданбашы керек. Учурда шаарда коопсуздук көйгөйү жок»,деген фразаны колдонгон.

Микзаквал ошондой эле борбордун четине кирген талибдер Кабулга кол салбай турганын билдирип,«Администрация тынчтык жолу менен убактылуу администрацияга өткөрүлүп берилет. Бийликтин алмашуусу тынч жол менен өтөт»,деген серебин салды.

Коргоо министринин милдетин аткаруучу Бисмиллах Мухаммеди да Кабулдун коопсуздугуна кепилдик берип, Ооганстандын президенти Ашраф Гани саясий элиталарга талибдер менен тил табышуу бийлигин бергенин жана келишимге келмейинче Кабулга кол салуу болбостугун билдирди.

Ооган Ички иштер министрлигинин билдирүүсү Гани отставкага кетет деген пикирлерди жаратса, Гани азырынча расмий билдирүү жасай элек.

Ал арада Ооганстанда 5 миң туткун бар Баграм аба базасындагы ооган өкмөтүнүн аскерлери талиптерге багынышты.

Талибандын басма сөз катчысы Сухейл Шахин бийликтин тынч жол менен өткөрүлүшүн жана Кабулга тынч кирүүнү каалашкандарын белгилеп: «Бардыгына жалпы мунапыс жарыяланды»,деген билдирүүлөрүн колдонгон.

Талиптердин көзөмөлүндөгү аймактарда жасаган алгачкы аракеттеринин бири - түрмөлөрдөгү бардык туткундарды бошотуу.

Май айынан бери талиптер басып алган аймактардагы миңдеген туткундарды бошотту.

«Талибандын» басма сөз катчысы Забихулла Мужахид Твиттердеги баракчасында борбор Кабулдун борборун күч менен басып албастыгын билдирди.

Мужахид Кабулдун калкынын көптүгүнөн улам кагылышууга барбай тургандыктарын, сүйлөшүүлөр аркылуу борбор шаардын борборун ээлегиси келгендиктерин жана талибдердин мүчөлөрүнө шаардын борборунун кире беришинде күтүүнү буйрук кылганын жарыялады.

Ал арада Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандан кетүүнү каалаган түрк жарандарынан дароо Түркиянын Кабулдагы элчилигине кабарлоону суранды. Элчиликтин номери «+93 79 782 82 83» деп жарыяланды.

Кошмо Штаттарынын (АКШ) армиясы талибдер Кабулга кире баштаганда эле баш калаадагы элчилигин эвакуациялаганы кабарланды.

НАТОнун билдирүүсүнө ылайык, Европа Биримдигинин көптөгөн кызматкерлери Кабулдагы коопсуз жерге көчүрүлдү.

Пакистан ошондой эле талиптердин көзөмөлүндө болгон Торхам чек арасын жапканын жарыялады.

Бул чечим Ооганстандагы «өзгөчө кырдаалга» байланыштуу кабыл алынганы маалым болду.



Тектеш кабарлар