Японияда болгон сел жана жер көчкүдөн бир адам каза болду

Метеорология агенттиги  сезондук тайфундан кийин нөшөрлөп жааган жамгыр Кюсю аймагындагы провинцияларга   терс таасирин тийгизгенин билдирди.

1690668
Японияда болгон сел жана жер көчкүдөн бир адам каза болду

Япониянын түштүк - батышында нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин болгон жер көчкү жана селден бир адам каза болду.

Метеорология агенттиги  сезондук тайфундан кийин нөшөрлөп жааган жамгыр Кюсю аймагындагы провинцияларга   терс таасирин тийгизгенин билдирди.

Жергиликтүү полиция булактарынан алынган маалыматка караганда, Нагасаки провинциясында жаан - чачындын көп болушунан улам болгон жер көчкүдө  бир адам каза болду.

Өрт жана табигый кырсыктар менен күрөшүү агенттиги жер көчкү жана селден улам жоголгон эки адамды издөө иштерин улантууда.

Коомдук NHK телеканалы тартып алган видеолордо Хиросима менен Нагасакидеги кээ бир дарыялардын толуп жатканын көрүүгө болот. Бул аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Табигый кырсыктын алкагында министрлер кабинетин чогулткан премьер - министр Суга Йошихиде өмүргө коркунуч туудурган аймактарды эвакуациялоого буйрук берди.

 

 



Тектеш кабарлар