ДССУ Ковид - 19га байланыштуу жаңы изилдөө командасын түздү

ДССУнун адистеринен  Петер Эмбарек кытайлык жетекчилердин лабораториядан чыккан деген гипотезаны жок кылуу үчүн кысым жасап жаткандыгын билдирди.

1690739
ДССУ Ковид - 19га байланыштуу жаңы изилдөө командасын түздү

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ДССУ Ковид-19дун келип чыгышы боюнча изилдөөлөрдү улантуу үчүн жаңы команда түздү.

Ковид  - 19дун келип чыгышын изилдөө үчүн Ухандагы аянт иликтөөлөрүн жетектеген ДССУнун адистеринен  Петер Эмбарек Данияда бир телекөрсөтүүдө кечээ жарыяланган даректүү фильмде жарганаттарга байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзгөн жана аянтта үлгүлөрдү чогулткан иликтөөчүнүн эпидемиянын чыгуу жери экендиги тууралуу гипотезасынын күчтүү экендигин баса белгиледи.

Аянттагы иликтөө иштерине катышкан кытайлык кесиптештеринин тыянактары презентацияга таасир эткенин баса белгилеген Эмбарек кытайлык жетекчилердин лабораториядан чыккан деген гипотезаны жок кылуу үчүн кысым жасап жаткандыгын билдирди.

Эмбаректин бул билдирүүлөрүнөн кийин, ДССУ жазуу түрүндө билдирүү жасап, Ковид-19дун келип чыгышы боюнча изилдөөлөрдү улантуу үчүн кыскача "SAGO" деп аталган жаңы команда түзүлгөнүн жарыялады.

Билдирүүдө Кытайда жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча отчеттун март айында жарыяланганы эске салынып, Ковид-19дун келип чыгышы боюнча изилдөөлөрдүн келечекте да улантылышы керек экендиги баса белгиленди.

ДССУ -  Кытайдын биргелешкен изилдөөлөрү жана Ковид  - 19дун келип чыгышына байланыштуу билдирилген отчетто Ковид  - 19дун жарганаттардан адамдарга башка бир жаныбар аркылуу жуккандыгы белгиленген. Отчетто Ковид  - 19дун лабораториядан чыгуу ыктымалы болсо «эң төмөн ыктымал» катары көрсөтүлгөн.

ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Ковид-19дун лабораториядан чыгуу  ыктымалы абдан аз деген  ДССУнун  отчету тууралуу : "Мен  баа берүүнүн жетеринче кеңири экенине ишенбейм. Дагы күчтүү жыйынтыктарга жетүү үчүн дагы көп маалымат жана изилдөөлөргө муктаждык болот», деп билдирген.



Тектеш кабарлар