Сомалиде 3 миллион адам азык - түлүк кризиси менен бетме - бет

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызылай коомдору федерациясынын  Африка аймактык директору Мухаммед Мухиер  берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Сомалиде азык  - түлүк кризиси жана ооруларга карата чукул түрдө чара көрүүгө чакырды.

1689392
Сомалиде 3 миллион адам азык  - түлүк кризиси менен бетме  - бет

Сомалиде 3 миллион адам  тамак   - аш кризиси жана эпидемиологиялык оорулар менен бетме  - бет.

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызылай коомдору федерациясынын  Африка аймактык директору Мухаммед Мухиер  берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Сомалиде тамак  - аш кризиси жана ооруларга карата чукул түрдө чара көрүүгө чакырды.

Калкынын саны 15 миллиондон ашкан өлкөдө 3 миллион адамдын  тамак  - аш кризиси жана оорулар менен бетме  - бет экендигин белгилеген Мухиер чара көрүлбөсө  5 жашка чейинки 800 000ден ашуун баланын  жетерсиз тамактануу коркунучунун бар экендигин баса белгиледи.

Мухиер : «Сомали жашоо үчүн эң коркунучтуу жерлердин бирөөсү. Кагылышуулар, климатка байланыштуу оорулар жана Ковид  - 19 эпидемиясы миллиондогон адамдын өмүрүнө таасирин тийгизүүдө»,- деди. Сомали Кызылай коому жана башка мекемелер менен бул маселени чечүүгө аракет кылышкандарын белгилеген Мухиер колдогу булактардын жетерсиз экендигине көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар