Шойгу: «Талибан Ооганстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасын көзөмөлгө алды»

Шойгу Солнечногорск шаарында өткөрүлгөн форумда Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

1689238
Шойгу: «Талибан Ооганстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасын көзөмөлгө алды»

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу, Талибандын Ооганстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасын көзөмөлгө алганын билдирди.

Шойгу борбор шаар Москва аймагындагы Солнечногорск шаарында өткөрүлгөн форумда Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Талибандын Ооганстанда алдыга жылып жатканын билдирген  Шойгу: «Ооганстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасы талиптердин көзөмөлүнө өттү. Талиптер Кундуз облусун басып алышты. Кундуз абдан чоң жана олуттуу борбор»,- деди.

Ооганстандан Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Россияга кирген баңги аткезчилери жана террористтер сыяктуу коркунучтар бар экенин белгилеген Шойгу, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) өлкөлөрү буга даяр болушу керектигин баса белгиледи.

Шойгу: «Талибандын лидерлери, чек арадан өтүп аймактарга кол салууга аракет кылбайбыз деп айтышканы менен, Тажикстан менен Өзбекстандын куралдуу күчтөрү мүмкүн болгон провокацияларга даяр болушу биз үчүн өтө маанилүү. Албетте бул үчүн биз өзүбүздүн аракетибизди кылып жатабыз»,- деди.

Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын аскерлери Ооганстан чек арасына жакын жерде биргелешкен машыгууларды өткөрүп жатканын белгилеген Шойгу, мындай машыгууларды дайыма өткөрүп турарын билдирди.

Шойгу Россиянын Тажикстанда жана Кыргызстанда да базалары бар экенин эске салды.



Тектеш кабарлар