Россиянын президенти В. Путин өрттөр тууралуу жолдомо берди

Кремлден берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Путиндин Якутиядагы токой өрттөрүнөн улам Россия чукул абалдар министри Евгений Зиничевге берген жолдомосуна орун берилди.

1688840
Россиянын президенти В. Путин өрттөр тууралуу жолдомо берди

Россиянын президенти В. Путин Якутияда болуп жаткан токой өрттөрүн өчүрүү үчүн дагы көп кызматкер жана техникаларды жумшоо жолдомосун берди.

Кремлден берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Путиндин Якутиядагы токой өрттөрүнөн улам Россия чукул абалдар министри Евгений Зиничевге берген жолдомосуна орун берилди.

Маалыматта : «Путин Якутиядагы токой өрттөрүнө дагы көп кызматкер менен дагы көп техника колдонуу үчүн Зиничевге жолдомо берди»,- деп билдирилди.

Россия федерациясынын Федералдык токой агенттигинен бүгүн берилген маалыматта : «10 -  августтан тарта 196 жерде жалпы 1 миллион 572 000 гектардык аянттагы токой өрттөрү уланууда. Өрттөрдүн 111и Якутияда, 27си Иркутск аймагында»,- деп  белгиленди.

Россиянын Сибирь аймагында июль айында башталган өрттөрдө ушул күнгө чейин 3 миллион гектардык токой аянты күлгө айланып, жетекчилер аймакта өзгөчө кырдаал  жарыялашты.



Тектеш кабарлар