Папа Францискке ичинде 3 ок болгон конверт жиберилди

Ватикандан азырынча бул тууралуу маалымат бериле элек.

1688613
Папа Францискке ичинде 3 ок болгон конверт жиберилди

Католиктердин руханий лидери Папа Францискке ичинде 3 ок болгон конверт жиберилди.

Италиянын Милан шаарына жакын бир почтага барган конверттин ичинен 3 даана 9 миллиметрдик  ок жана Ватикандагы финансылык операциялар тууралуу бир жазуу чыкты.

Папа Францискке жиберилген конвертти тапкан почта кызматкери бул абалды дароо полицияга билдирди. Полиция конвертти алып, окуя тууралуу териштирүү ишин баштады.

Конверттин Франциядан жиберилгендиги жана үстүндө кол жазмасы менен «Папа, Ватикан шаары, Ыйык Петр аянты, Рим» адресинин жазылгандыгы билдирилди.

Ватикандан азырынча бул тууралуу маалымат бериле элек.



Тектеш кабарлар