АКШнын Калифориня штатындагы токой өрттөрү
«Дикси» өртү күлгө айландырган токой аянты дээрлик 200 000 гектарга жетти.
Америка Кошмо Штаттарынын Калифорния штатында бир айга жакын убакыттан бери болуп келе жаткан «Дикси» өртү күлгө айландырган токой аянты дээрлик 200 000 гектарга жетти.
Калифорниянын түндүк - батышында 13 - августта башталган өрттө 198 миң гектар токой аянты кыйрап, өрттүн 21 пайызынын көзөмөлгө алынгандыгы билдирилди.
Өрт штаттын тарыхындагы экинчи чоң апаат катары катталып, апаттагы кубандырган бир абалдын аймактын үстүндөгү тумандын таркашы болду. Аба ырайы өрт өчүрүү иштеринде учактарды колдонууда ыңгайлуу абалга келди.
Калифорния токой жана өрттөрдөн коргоо департаментинин кызматкери Раян Бейн : «Мындай аба ырайында өрт өчүрүү иштери ылдамдайт. Бирок эң негизгиси учактарды учура алабыз»,- деди.
Американын маалымат каражаттарындагы жаңылыктарда Калифорниянын Лос - Анжелесин шаарынан дагы чоң токой аянтынын «Дикси» өртүнөн жабыркаганы жана 680ден ашык имараттын жараксыз абалга келгендиги маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.