Грецияда да токой өрттөрү уланууда

Грецияда акыркы күндөрдө бир нече жерде чыккан токой өрттөрү чоң бир табигый апаатка себеп болду.

1688162
Грецияда да токой өрттөрү уланууда

Грецияда акыркы күндөрдө бир нече жерде чыккан токой өрттөрү чоң бир табигый апаатка себеп болду.

Чоң өрттөр чыккан Аттика аймагынын түндүк бөлүктөрү менен Эгрибоз аралы жана Мора жарым аралында жүз миңдеген гектардык токой аянты менен дыйканчылык аянты күлгө айланып, өрткө багынган 1000ден ашуун үй жана иш жерлери күйдү. Көп сандаган унаа жараксыз болуп, жапайы жаныбарлар тескери  таасирленди.

Афина улуттук обсерваториясы менен  Европа космостук агенттигинин Sentinel 2 спутниги жекшемби күнү тартып алыган фотографияларга карата жүргүзгөн анализинде Эгрибоз аралында 460 000, Лакониада 110 000 жана Аттика аймагында да 80 000 гектар, жалпы 650 000 гектардык токой аянттын күлгө айлангандыгы эсептелди.

Афина улуттук обсерваториясынан берилген маалыматта өлкөнүн бир нече жеринде өрттөрдүн уланып жаткандыгы баса белгиленип, күйгөн токой аянтынын чоңоюшу мүмкүн экендиги белгиленди.

Эгрибоздогу Мантуди муниципалитетинин төрага орун басары Йоргос Стамулис аралдын түндүгүндө 7 күндөн бери болуп келе жаткан өрттүн чоң бир апаатка айлангандыгын белгилеп Мантуди муниципалитетинде 450 000 гектардык аянт жана 1000 үйдүн толугу менен өрттөнгөндүгүн айтты.

Грек басма сөзүндөгү кабарларда, Эгрибоздун Ровиес аймагындагы өрттө 250 жылдык экендиги  болжолдонгон зайтун дарактары, жүздөгөн майда жана чоң жаныбарлардын жок болгондугу маалымдалды.

Ровиес муниципалитетинин төрагасы Тодорис Керис аймакта биринчи жолу мынчалык чоң бир апааттын болгондугун белгилеп, өрттөрдү өчүрүү иштеринде мамлекеттик механизмден жетеринче жардамдын келбегендигин айтты.

Ровиесте кеминде 36 үй, ондогон иш жери жана жаныбарлар жашаган жерлердин күйгөндүгүн билдирген Керис  чыгымдардын эч бирин өкмөттүн калыбына келтире албай тургандыгын белгиледи.

Бир тараптан Мора жарым аралынын бир топ жеринде жана Эгрибоздун түндүгүндө жүргүзүлүп жаткан өрт өчүрүү иштеринин бүгүн да улантылып жаткандыгы маалымдалды.

Өрт өчүрүү боюнча жетекчилер, Эгрибоздун түндүгүндөгү өрттөрдүн калктуу конушутар болгон Мантуди жана Истиеа аймактарына жакындашы менен көп сандаган айылдын чара көрүү максатында үйлөрүн таштап жээк тилкелеринде чогулган 2000ден ашуун адамдын кеме жана паромдор менен эвакуациялангандыгын билдиришти.

Аралдын түндүгүндөгү Кастри, Артемисио жана Гувес калктуу конуштарынын айланасында күч алган өрттөргө абадан жана кургатыктан кийлигишүүнүн болгондугу, аймакка кошумча күчтөрдүн жиберилгендиги маалымдалды.

Морада Лакониа, Илиа жана Аркадиа облустарында түнү менен уланган өрттөргө таңдын алгачкы сааттарынан тарта абадан жана курактыктан кийлигишүү болду. Чыгыш Манидеги Десфинас аймагындагы өрттүн жайылып бара жаткандыгы билдирилди.

Крит аралынын Ираклион аймагында таңга жуук чыккан өрттүн көзөмөлгө алынгандыгы, кайрадан өрттүн чыгуу ыктымалына каршы өрт өчүргүч топтору даяр турат. 



Тектеш кабарлар