Россия : "Талибандын кол салуулары азая баштады"

Александр Бикантов борбор шаар Москвада өткөргөн пресс- жыйынында Афганистан маселеси тууралуу маалыматтарды берди.

1686541
Россия : "Талибандын кол салуулары азая баштады"

Россия Талибандын Афганистандагы чоң шаарларды колго алуу үчүн жетерлик каражаттарынын жок экендигин, Талибандын кол салууларынын акырындык менен азая баштагандыгын жарыялады.

Россиянын тышкы иштер министрлигинин информация жана басма сөз мекемесинин төрага орун басары Александр Бикантов борбор шаар Москвада өткөргөн пресс- жыйынында Афганистан маселеси тууралуу маалыматтарды берди.

Афганистандагы абалдын начарлагандыгын белгилеген Бикантов мунун АКШ жана НАТО аскердик бөлүктөрүнүн өлкөдөн чыгуу процессинин жай жылышынан улам болгондугун айтты.

Бикантов : «Жыйынтык катары Талибан жалпы өлкөдөгү кыймылдарын олуттуу түрдө күчөттү. Талибан бул жайда жасаган кол салууларынын натыйжасында 80 – 100 районду көзөмөлүнө алды»,- деди.

Бир тараптан Бикантов Талибандын чабуулдарды улантуу үчүн жетиштүү каражатынын жоктугуна көңүл буруп : «Талибандын борбор шаар Кабул баш болгон чоң шаарларды басып алууга жетиштүү каражаты жок. Талибандын чабуулдары акырындык менен азая баштады», - деди.

Бикантов Афганистан башкаруусуна караштуу күчтөрдүн Талибан менен кагылышуулардаалдырган айрым райондорду кайтарып алгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар