Израиль Ливандын айрым жерлерине кол салды
Адрей Израилдин бомбалоолорду улантарын жана Израилди бутага алган террордук кол салууларга каршы бомбалоону күчөтөрү боюнча эскертти.
Израиль армиясы Ливандын түштүгүндөгү айрым жерлерге абадан кол салды.
Армиянын катчысы Авичай Адрей твиттер эсебинен берген маалыматында Израиль аскердик учактарынын кечээ Ливандан Израилге ракета атылган аймактар менен террордук максатта колдонулган туннелдерди аткандыгын билдирди.
Адрей Израилдин бомбалоолорду улантарын жана Израилди бутага алган террордук кол салууларга каршы бомбалоону күчөтөрү боюнча эскертти.
Ливан басма сөзүндөгү кабарларда Израилдин аскердик учактарынын өлкөнүн түштүгүндөгү Ед - Дымашкиййе аймагына эки жолу абадан кол салгандыгы тууралуу маалымат орун алды.
Израиль армиясы кечээ Ливандан өлкөнүн түндүгүнө 3 ракетанын атылгандыгын, булардан экөөсүнүн Израилде ачык аянттарга, бирөөсүнүн болсо Ливан территорияларына түшкөндүгүн билдирген. Буга Израиль армиясынын артиллериялык атуу менен жооп кайтаргандыгы билдирилген.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.