Европа Биримдиги Дерада жарандарды коргоого чакырды

Европа Биримдиги Башар Асад режими бир жумадан бери кол салып жаткан Дера облусунда жарандардын коргоого алынышы жана саясий чечүүчү жолдун жол картасына баш ийүүгө чакырды.

1686045
Европа Биримдиги Дерада жарандарды коргоого чакырды

 Европа Биримдиги Башар Асад режими бир жумадан бери кол салып жаткан Дера облусунда жарандардын коргоого алынышы жана саясий чечүүчү жолдун жол картасына баш ийүүгө чакырды.

Европа Биримдигинин Тышкы карым- катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жосеф Бореллдин кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Сириянын түштүк батышынын «2018 – жылдан бери болгон эң жаман өлүмчүл зомбулукту» жашагандыгы белгиленди.

«Дера жана башка жерлерде олуттуу бир күч алуу коркунучу бар»,- деп билдирилген маалыматта оор бомбалоолордо араларында аялдар менен балдар да болгон көптөгөн жарандардын өлтүрүлгөндүгүнө, 10 000 адамдын жерлеринен кеткендигине көңүл бурулуп, 50 000 адамга кызмат кылган Дера мамлекеттик ооруканасынын минометтор менен атылгандыгы билдирилди.

Дера тургундарынын тоскоолдуктсуз, коопсуз жана улантууга боло турган гуманитардык жардамга жетишине мүмкүнчүлүк түзүүгө чакырылган маалыматта : "Европа Биримдиги, БУУнун Сирия атайын өкүлү Геир О. Педерсендин Сириядагы бардык тараптарга жарандарды коргоо принцибине жана эл аралык гуманитардык мыйзамга баш ийүү чакыруусуна кошулуп жанабардык тараптарды чыңалууну күчөтүүдөн алыс турууга жана тынчтыкты кайрадан түзүүгө чакырат»,- деп билдирилди.

Малыматта өзгөчө бул кол салуулардын тынчтыкчыл саясий чечүүчү жолго жетүү аракеттеринин ылдамдатылышы керектигин дагы бир жолу көрсөткөндүгү баса белгиленип : «Кагылышууга бир гана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254чү чечими боюнча бардык Сирия калкынын эркиндигине жана кадыр- баркына сый көрсөткөн бир саясий процесс туруктуу чечүүчү жолду алып келиши мүмкүн»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар