Украинанын өкмөт имаратында бомба дүрбөлөңү

Украинанын борбор шаары Киевде колуна граната алган бир киши өкмөт имаратына кирди.

1685588
Украинанын өкмөт имаратында бомба дүрбөлөңү

 

Украинанын борбор шаары Киевде колуна граната,  ким экени белгисиз  бир адам өкмөт имаратына кирди. 

Украинанын ички иштер министрлигинен берилген маалыматта жергиликтүү убакыт боюнча саат 10: 00 чамаларында бир адамдын чөнтөгүнөн чыгарган  бомбага окшогон бир затты жардыруу менен коркуткандыгы белгиленди. Маалыматта полициянын атайын операция баштаткандыгы жана азырынча ким экендиги белгисиз кол салуучу менен сүйлөшүү жүргүзгөндүгү билдирилди. 

Депутат Алексей Гончеренко да Телеграмма эсебинен өкмөт имаратына бир адамдын  граната менен киргендигин, аймакка атайын топтордун баргандыгын маалымдады. 

 



Тектеш кабарлар