Ирандын жаңы президенти мандатын алды

18 -  июлда Иранда болгон президенттик шайлоодо жеңип чыккан консерватор Ибрахим Реиси мандатын өлкөнүн лидери Али Хаманейден алды.

1684773
Ирандын жаңы президенти мандатын алды

18 -  июлда Иранда болгон президенттик шайлоодо жеңип чыккан консерватор Ибрахим Реиси мандатын өлкөнүн лидери Али Хаманейден алды.

Борбор шаар Тегеранда Имам Хумейни Хүсейитйесинде болгон мандат тапшыруу аземине Ирандын лидери Хаманей менен бирге 7 -  президент Хасан Рухани, парламенттин спикери Мухаммед Бакыр Калибаф, сот системасынын башчысы Нуламхүсейин Мухсин Ежеи менен башка жогорку мартабалуу башкаруучулар катышты.

Аземде ички иштер министри Абдуррыза Рахмани Фазилинин 13 -  мезгилдик президенттик шайлоо тууралуу отчетун сунуштагандан кийин Хаманей Реисинин президенттигин бекитип мандатын тапшырды. Муну менен Хаманей Реисини 4 жылдык мөөнөт менен президенттикке дайындаган болду.



Тектеш кабарлар