Россиядагы токой өрттөрү

Россия федерациясынын Федералдык токой агенттигинен берилген маалыматта өлкөнүн чыгышында болуп жаткан өрттөрдү өчүрүү аракеттеринин улантылып жаткандыгы белгиленди

1684153
Россиядагы токой өрттөрү

 Россия чыгышындагы токой өрттөрү менен күрөшүүнү улантууда.

Россия федерациясынын Федералдык токой агенттигинен берилген маалыматта өлкөнүн чыгышында болуп жаткан өрттөрдү өчүрүү аракеттеринин улантылып жаткандыгы белгиленди.

Кечээ берилген 36 жерде өрттүн көзөмөлгө алынгандыгы тууралуу маалыматта : «1 -  августтан тарта 217 жерде жалпы 837 813 гектардык аянттагы токой өрттөрү уланууда. Өрттөрдүн 115и Якутияда, 51и Иркустк облусунда»,- деп билдирилди. Маалыматта өрттү өчүрүү үчүн 5000ге жакын адам жана жүздөгөн унаанын иштеп жаткандыгы белгиленди.

Россиянын Сибирь аймагында июнь айында башталган өрттөрдө ушул күнгө чейин 1, 3 миллион гектардык токой аянты күлгө айланып, жетекчилер аймакта өзгөчө кырдаал жарыялашты.

 



Тектеш кабарлар