Кытайда селде каза болгондордун саны 302ге жетти

Селдерде дайынсыз жоголгон 50 адамдын изделип жаткандыгы маалымдалды.

1684204
Кытайда селде каза болгондордун саны 302ге жетти

Кытайдын Хнань провинциясында катуу жамгыр жаашы жол ачкан селде каза болгондордун саны 302ге жетти.

Синьхуанын кабарына караганда, Хнань  провинциясы өкмөтүнүн жетекчилери берген маалыматта селден улам Цингкоу шаарында 292 кишинин каза болгондугу белгиленди.

Жалпы провинцияда селдерден каза болгондордун саны 302ге жеткени билдирилип, селдерде дайынсыз жоголгон 50 адамдын изделип жаткандыгы маалымдалды.

Хнанда 17 -  июлдан тарта белгилүү аралыктар менен нөшөрлөп жааган жамгыр 20 – июлда селдин жүрүшүнө себеп болду.

Цингкоу шаарындагы метрону суу каптап, 14 адам каза болгон.   



Тектеш кабарлар