Иранда бейтап саны рекордго жетти

Ковид  - 19 эпдемиясында Иран күнүмдүк бейтап саны  боюнча 37 189 менен рекордго жетти.

1684342
Иранда бейтап саны рекордго жетти

Ковид  - 19 эпдемиясында Иран күнүмдүк бейтап саны  боюнча 37 189 менен рекордго жетти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта бейтап жана каза болгондор менен бирге вакцина маалыматтары да жарыяланды.

Акыркы 24 саатта 37 189  адамда  вирустун аныкталышы менен күнүмдүк бейтап санында жаңы рекордго жеткен өлкөдө бул адамдардан 4 317синин ооруканаларга жаткырылгандыгы белгиленди. Ушундайча бейтап саны 3 миллион 940 708ге  жеткен Иранда 411 кишинин дагы каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 91 407ге жеткендиги билдирилди.

Ковид  - 19ду жугузган бейтаптардан 5 607синин реанимацияда дарыланып, эпидемиянын башталышынан бери айыккандардын саны 3 миллион 404 533кө жетти.

Өлкөдө жасалган жалпы тест саны бүгүндөн тарта 26 миллион 39 450 болду.

83 миллион калктуу өлкөдө 10 миллион 285 494 кишиге вакцинанын биринчи дозасы, 2 миллион 795 680  кишиге 2 -  доза берилгендиги маалымдалды. Ушундайча Иранда ушул кезге чейин 13 миллион 81 174 доза вакцинанын берилгендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар