Африкада Ковид - 19га каршы эмдөө жүргүзүлбөгөн бир гана өлкө Эритрея

Эритреяда ушул кезге чейин 35 киши вирустан каза болуп, 6 547 кишиде вирус аныкталды.

1683756
Африкада Ковид - 19га каршы эмдөө жүргүзүлбөгөн бир гана өлкө Эритрея

 Ковид  -  19 менен күрөшүүнүн негизинде Африка континентинде эмдөө иштери баштала элек өлкө Эритрея экендиги билдирилди.

Танзанияда эмдөө иштеринин 28 -  июлда башталышы жана Бурундинин да  эмдөөнү баштай тургандыгын жарыялашы менен континентте Ковид  - 19  эмдөөсү баштала элек бир гана өлкө катары Эритрея калды.

Ошол эле учурда Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Африка кеңсесинин билдиргенине караганда континенттин калкынын 1, 6 пайызы гана толугу менен эмделди.

Уюмдун отчетуна караганда Африка континентинде Сейшеллдер калкынын 68 пайызынан ашыкчасын эмдеген болсо,  Маврикий 33 пайызын, Марокко 26 пайыз менен эмдөө эң көп берилген өлкөлөр болду.

Эритреяда ушул кезге чейин 35 киши вирустан каза болуп, 6 547 кишиде вирус аныкталды.



Тектеш кабарлар