Нигерде болгон селде 35 адам каза тапты

Нигерде катуу жамгыр жаашы селдин жүрүшүнө себеп болду.

1683641
Нигерде болгон селде 35 адам каза тапты

Нигерде катуу жамгыр жаашы селдин жүрүшүнө себеп болду. Селдерде 35 адам каза болду.

Жарандык коргонуу мекемесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта  июнь айынан бери катуу жамгыр жаашы себеп болгон селдерде 2 миң 500 үйдүн суу астында калгандыгы билдирилди.

Селдин 26 532 адамга тескери таасир тийгизгендиги белгиленген маалыматта 20 адамдын кулаган имараттардын алдында калып каза болгондугу, 15 адамдын да сууга чөгүп каза болгондугу билдирилди.

Нигерияда болсо июнь  - сентябрь айларында катуу жааган жамгыр бат  - бат селдин жүрүшүнө себеп болууда.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде селден 73 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар