Афганистанда сел апаатынан каза болгондордун саны 60ка жетти

Нурситан губернатору Хафыз Кайюм сел сууларына кабылган 150дөн ашуун адамдан эмдигиче кабар алына албагандыгын белгиледи.

1683197
Афганистанда сел апаатынан каза болгондордун саны 60ка жетти

 Афганистандын чыгышында Пакистан чек арасындагы Нуристан аймагында болгон сел апаатында каза болгондордун саны 60ка жетти.

Нурситан губернатору Хафыз Кайюм маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө Нуристандын Камдиш районунда 29 -  июлда катуу жааган жамгырдан кийин селдин жүргөндүгүн эске салды.

Селден улам каза болгондордун саны 60ка жеткендигин айткан Кайюм сел сууларына кабылган 150дөн ашуун адамдан эмдигиче кабар алына албагандыгын белгиледи.

Кайюм издөө -  куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын айтты.

Афганистан апааттар менен күрөшүү үчүн даярдык башкармалыгы селден улам 150 үй жана 2 көпүрөнүн кулагандыгын билдирди. Маалыматта аймак Талибандын көзөмөлүндө болгондуктан жардамдардын жеткириле албагандыгын маалымдады.

Талибандан берилген маалыматта селден жабыркагандарга  жардам жеткирүүнү каалаган мекемелер үчүн жеңилдик болору билдирилди.



Тектеш кабарлар