Түндүк Кореянын лидери Ким "аскердик потенциалды күчтөндүрүүнү" талап кылды

Ким Чен Ын 24 – 27 -  июль күндөрү өлкөнүн аскердик жана саясий жетекчилери менен жолугушкан.

1682960
Түндүк Кореянын лидери Ким "аскердик потенциалды күчтөндүрүүнү" талап кылды

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШ менен Түштүк Кореянын келерки айда биргеликте өткөрүшү күтүлүп жаткан машыгуулардан мурда аскердик потенциалын көтөрүүгө чакырды.

Йонхап маалымат агенттигнин кабарына караганда 24 – 27 -  июль күндөрү өлкөнүн аскердик жана саясий жетекчилери менен жолугушкан Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын чет элдик ар кандай провокацияга каршы аскердик потенциалды өнүктүрүүнү талап кылды.

Ким жолугушууда бийликтен душмандардын аскердик провокациясы менен күрөшүү үчүн даярдыктарды аяктоону суранды.

Түштүк Корея түндүктөгү коңшусу менен байланыш каналдарынын кайрадан ачылышы менен пайда болгон макулдашуу атмосферасына тескери таасир тийгизбеши үчүн АКШ менен машыгуулардын өткөрүлүп же өткөрүлбөй тургандыгы же болбосо кандай шарттарда өткөрүлөрү тууралуу сүйлөшүүлөрүн улантууда.

Түштүк Корея жана АКШнын өткөргөн аскердик машыгуулары акыркы жылдарда Ковид  -19  эпидемиясы жана Корея жарым аралын өзөктүк куралдардан тазалоо аракеттеринен улам токтотулуп же азайтылган.

Түндүк жана түштүк коңшулардын ортосунда акыркы бир жылдан бери жабык болгон байланыш каналдары жаңыдан ачылып, алгачкы телефон аркылуу сүйлөшүү 28 -  июлда өткөрүлдү.



Тектеш кабарлар