Британияда өнөр жай аймагында химиялык заттардын чыккандыгы тууралуу маалымат берилди

Жаракат алган 15 адам ооруканага жаткырылды.

1682858
Британияда өнөр жай аймагында  химиялык заттардын чыккандыгы тууралуу маалымат берилди

Британиянын Кент аймагындагы бир өнөр жай аянтында химиялык заттын төгүлүүсү менен 15 адам жаракат алды. Тез жардам топору аймакты жапты.

Өлкөнүн Кент аймагына караштуу Quarry Wood өнөр жай аймагында химиялык заттардын аккандыгына байланыштуу сигнал берилди.

Эрте мененки сааттарда аймакка барган Түштүк – Чыгыш жээгинин тез жардам кызматынын жетекчилери : «Потенциалдуу химиялык заттардын чыгышы тууралуу отчет берилгенден кийин бүгүн эрте менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:38де Эйлесфорддогу  Quarry Wood өнөр жай аймагына чакырылдык»,- деп билдиришти.

Топ жеңил симптомдорду көрсөткөн 15 адамдын  ооруканага жаткырылганын жарыялады.

Полиция өрт өчүргүчтөрдүн окуя болгон жердин коопсуздугун түзүүсүнө  жардам берүү үчүн аймакты унааларга жапты.

Аймакка кирүү убактылуу токтотулду.



Тектеш кабарлар