Ливанда 4 - август улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Ливан премьер  - министрлиги өткөн жылы болгон жарылуунун бир жылдыгынан улам билдирүү жарыялады.

1681642
Ливанда 4 -  август улуттук аза күтүү күнү  деп жарыяланды

Ливанда Бейрут портундагы жарылуунун биринчи жылында 4 -  август «Улуттук аза күтүү күнү» деп жарыяланды.

Өлкөнүн расмий агенттиги ННАда орун алган кабарга караганда Ливан премьер  - министрлиги өткөн жылы болгон жарылуунун бир жылдыгынан улам билдирүү жарыялады.

Билдирүүдө жарылуу болгон 4 -  августтун улуттук аза күтүү күнү деп жарыялангандыгы, байрактардын жарымга түшүрүлөрү жана мамлекеттик мекемелердин жабык болору белгиленди.

Бейрут портунда 2020 -  жылы 4 -  августта жарылуучу заттар болгон бир кампада оболу өрт чыгып андан кийин бүтүндөй шаарды дүрбөлөңгө салган  катуу жарылуу болгон.

Президент Мишел Авн жарылууга 6 жылдан бери портто сакталган 2  750 тонна аммиак селитрасы себеп болгонун билдирген.

Жарылууда 190дон ашуун кишинин каза болгондугу, 6000ден ашуун кишинин жаракат алгандыгы, 300 000 кишинин үй  - жайын таштап кеткендиги билдирилген.



Тектеш кабарлар