В. Путин менен Имамали Рахманов Афганистандагы абал тууралуу сүйлөштү

Кремлден берилген маалыматка караганда Путин менен Рахманов Афганистан  - Тажикстан чек арасындагы абалды талкуулоо үчүн июль айында экинчи жолу телефон аркылуу сүйөшүү өткөрдү.

1678982
В. Путин менен Имамали Рахманов Афганистандагы абал тууралуу сүйлөштү

 Россиянын президенти В. Путин Тажикстандын президенти Имамали Рахманов менен Афганистандагы акыркы абал тууралуу сүйлөштү.

Кремлден берилген маалыматка караганда Путин менен Рахманов Афганистан  - Тажикстан чек арасындагы абалды талкуулоо үчүн июль айында экинчи жолу телефон аркылуу сүйөшүү өткөрдү.

Тажик тарабынан талабы боюнча өткөрүлгөн сүйлөшүүдө тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, Афганистандагы акыркы абалдарды жана күздө Душанбеде өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити менен Коллективдик Коопсуздук Келишим Уюмунун коллективдик  коопсуздук кеңешинин жыйынына даярдыктарды сүйлөшүштү.

Путин менен Рахманов 5 -  июлда Талибандын Тажикстан чек арасындагы кыймылдары тууралуу сүйлөшүп, Путин Душанбеге жардам берүүгө даяр экендерин айткан.

Ошол эле учурда Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко Афганистан чек арасына чек ара заставасын куруу үчүн Тажикстанга жардам берүүнү күткөн келишимдин даярдалгандыгын жарыялады.

Руденко : «Тажикстандын коргонуусун күчтөндүрүү үчүн  жардам берүүнү улантабыз. Азыркы учурда тажик  - афган чек арасына бир чек ара заставасын куруу үчүн Тажикстанга жардам берүүгө байланыштуу өкмөттөр аралык келишим кол коюу үчүн даярдалууда»,- деди.



Тектеш кабарлар