Тажикстан 100 000 афган качкынды алууга даярданууда

Талибандын Афганистанда үстөмдүгүн кеңейтүүсү менен   күч алган миграция тенденциясы Тажикстанды аракетке өткөрдү.

1679183
Тажикстан 100 000 афган качкынды алууга даярданууда

Тажикстан коңшусу  Афганистанда зомбулуктардын күч алышы менен 100 000 афган баш калкалоочуну алуу үчүн даярдык көрүп жаткандыгын билдирди.

Талибандын Афганистанда үстөмдүгүн кеңейтүүсү менен   күч алган миграция тенденциясы Тажикстанды аракетке өткөрдү.

Тажикстан Чукул абалдар комиссиясынын төрага орун басары Имомали Ибрахимзода өткөргөн пресс  - жыйынында чек ара аймагындагы Халтон жана Тоолуу Бадахшан аймагында качкындарга карата материал чогултуу үчүн эки чоң кампа кура башташкандарын билдирди.

АКШнын Афганистандан чыга башташы менен өлкөдөгү зордук  - зомбулук ылдам түрдө өстү.

Талибан менен афган коопсуздук күчтөрүнүн оросунда күч алган кагылышуулар жаңы миграциялык толкундарды пайда кылды.

АКШнын коргоо министрлигнин (Пентагон) божомолдоруна караганда Талибан өлкөдөгү  облустук борборлорунун жарымын колго алды.

Талибан Афганистандын түндүгүндөгү Кундуз облусу менен Тажикстандын ортосундагы Ширхан чек ара капкасындагы көзөмөлдү 22 -  июнда колго алган.

Афганистандан май айынан тарта чыга баштаган АКШ болсо 11 -  сентябрдагы кол салуулардан мурда бардык күчтөрүн өлкөдөн чыгарып кетерин жарыялаган.



Тектеш кабарлар