Асад режими майрамда да Идлибге кол салды

Курман айт майрамында да 13 адам каза болду.

1679243
Асад режими майрамда да Идлибге кол салды

Сиряда Идлиб деэскалация зонасында Башар Асад режими жана колдоочуларынын ок атышпоо эрежелерин бузушу менен Курман айт майрамында да 13 адам каза болду. Алардын ичинен үчөөсү балдар болгон. Майрамда 47 жолу эреже бузуу болду.

Кол салууларда 13 жаран каза болуп, 19 жаран жаракат алды. Кол салуулар катуу болгон Иблин айылында каза болгондордун арасында 3 бала да бар.

Режим жана колдоочуларынын 2021 – жылдын башынан бери келе жаткан кол салууларында жалпы 98 жаран каза болуп, 245 жаран жаракат алды.

Кол салууларда 16 инфраструктура менен суу чарба объектилери, 2 мечит, 3 мектеп, 2 саламаттыкты сактоо мекемеси, 5 май куюучу жай жана 4 лагерь аянты катуу жабыркады.

Түркия менен Россиянын ортосунда 2020 -  жылы 5 -  мартта түзүлгөн меморандумдан кийин Идлибде ок атышпоо кайрадан күчүнө кирген. Бирок Асад режими акыркы мезгилде ок атышпоо эрежелерин буза баштады.

Режим жана колдоочуларынын кол салууларынын айынан миңдеген жаран үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.



Тектеш кабарлар