Асад режими Идлибге кол салды

Кол салууда 7 жаран каза болду, алардын ичинен бирөөсү аял жана үчөөсү балдар.

1678694
Асад режими  Идлибге кол салды

Сирияда Башар Асад режими жана Иран колдогон террордук топтордун Идлиб чыңалууну азайтуу аймагынын чектеринин ичиндеги Иблин айылына карата кол салуусунда 7 жаран каза болуп, 3 жаран жаракат алды.

Сирия жарандык коргоо булактарынан алынган маалыматка караганда режим күчтөрү Идлибдин түштүгүндө орун алган Иблин айылына кургактыктан кургактыкка атуучу куралдар менен кол салды.

Кол салууда 7 жаран каза болду, алардын ичинен бирөөсү аял жана үчөөсү балдар. Жаракат алган 3 жаран айланадагы ооруканаларга алып барылды.

Оппозицияга таандык  учак байкоо үйүнүн Россияга таандык экендигин билдирген аскердик учактар да эрте мененки саатарда Идлибдин түштүгүндөгү Бара, Ихсим жана Мираян айылдарына абадан кол салды.

Бир тараптан Сириядагы Башар Асад режими Хомс облусундагы айрым жерлерге Израиль тарабынан абадан кол салуу болгондугун билдирди.

Асад режиминин маалымат агенттиги SANA абадан коргонуу системаларынын ракеталардын көпчүлүгүн камсыздагандыгын, бир гана материалдык зыян тартуу болгондугун жарыялады.



Тектеш кабарлар