Радардан жоголгон орус жүргүнчү учагы табылды

Учактагы 17 кишинин тирүү экендиги билдирилди.

1676427
Радардан жоголгон орус жүргүнчү учагы табылды

Россиянын Томск облусунда жоголгон, 17 кишини ташыган АН-28 тибиндеги учак табылды.Учактын жүргүнчүлөрүнүн  тирүү экени кабарланды.

Россиянын маалымат агенттиктеринин билдиришинче,  Кедровый шаарынан Томск шаарына учкан АН-28 үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы Бакчарский аймагында авариялык сигнал берип, радардан жоголгон.

Аймакка издөө-куткаруу топтору жөнөтүлгөн учурда  учак жерге катуу конуп, ичиндеги  17 адамдын тирүү экендиги маалымдалды. 



Тектеш кабарлар