Деңиздерде каза болгон мигранттардын саны эки эсе көбөйдү

Эл аралык Миграция Уюму даярдаган отчетко караганда январь  -  июнь мезгилинде деңиз жолу менен Европага барууга аракет кылган  1146  адам каза болуп, бул жолду колдонгон адам саны да 56 пайызга жогорулады.

1675363
Деңиздерде каза болгон мигранттардын саны эки эсе көбөйдү

Коркунучтуу деңиз өткөөлдөрү аркылуу Еропага барууга аракет кылып каза болгон качкындардын саны 2020 -  жылдын биринчи алты айына салыштырмалуу эки эсе дагы көбөйдү.

Эл аралык Миграция Уюму даярдаган отчетко караганда январь  -  июнь мезгилинде деңиз жолу менен Европага барууга аракет кылган  1146  адам каза болуп, бул жолду колдонгон адам саны да 56 пайызга жогорулады.

Ливия менен Италиянын ортосундагы Борбордук Жер Ортолук деңиз жолунда 741 адамдын каза болгондугу  белгиленген отчетто Батыш Африка жана Испаниянын Канар  аралдарынын ортосундагы Атлантика океанында кеминде 250, Испанияга кеткен Батыш Жер Ортолук деңизинде кеминде 149, Грецияга кеткен Чыгыш Жер Ортолук деңизинде болсо  кеминде 6 адамдын каза болгондугу билдирилди.

Отчетто бир нече кеменин кырсыкка учуругандыгы тууралуу билдирилбегендигине жана айрым кырсыктардын аныктала албагандыгына көңүл бурулуп, Европага кеткен деңиз жолунда каза болгон кишилердин чыныгы саны дагы да жогору болушу мүмкүн экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар