Тажикстан Шанхай Кызматташтык Уюму менен кызматташуусун улантат

Тажикстандын президенти Имамали Рахманов өлкөдө терроризм жана кыйынчылыктар менен күрөшүү үчүн Шанхай Кызматташтык Уюму менен иштерин улантышарын айтты

1674357
Тажикстан Шанхай Кызматташтык Уюму менен кызматташуусун улантат

Тажикстандын президенти Имамали Рахманов өлкөдө терроризм жана кыйынчылыктар менен күрөшүү үчүн Шанхай Кызматташтык Уюму менен иштерин улантышарын айтты. Рахманов Шанхай Кызмататштык Уюмунун 20 жылдыгынан улам жарыялаган жазуу түрүндөгү маалыматында Тажикстандын көп тараптуу дипломатия тармагында Шанхай Кызматташтык Уюмунун ичиндеги карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшүнө өзгөчө маани бергендигин, өлкөсүнүн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөр менен жакшы карым – катнаштарды бекемдөөнү максат кылышкандарын баса белгиледи.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун куруучуларынан болгон Тажикстан уюмдун түзүлүшү жана өнүгүү процессиндеги ролунун маанилүү экендигин белгилеген Рахманов Тажикстандын өзгөчө терроризм, банги зат жана башка уюмдашкан кылмыштын түрлөрү сыяктуу заманбап коркунучтар жана кыйынчылыктар менен күрөшүү үчүн Шанхай Кызматташтык Уюмунун ичиндеги биргелешкен  иштерин улантарын айтты.

2020 -  жылы уюмдун башкаруучулугу Россиядан Тажикстанга өткөрүлгөндүгүн эске салган Рахманов Шанхай Кызматташтык Уюму саммитинин 2021 -  жылы 16 – 17 -  сентябрь күндөрү Душанбеде өткөрүлөрүн, мунун Шанхай Кызматташтык Уюмунун курулушуна карата биринчи чечимдин Душанбеде чыгарылышынан улам  символдук мааниде экендигин айтты.

 

 

 



Тектеш кабарлар