"Афганистан тууралуу Түркияга ыраазыбыз"

АКШнын Афганистандан чыга башташы менен Кабулдагы Хамид Карзай аэропортун коргоо тууралуу бардык көңүлдөр Түркияга бурулду.

1674492
"Афганистан тууралуу Түркияга ыраазыбыз"

АКШнын коргоо министрлигинин катчысы Жон Кирби Кабулдагы Хамид Карзай аэропортунун коопсуз түрдө иштетилишине карата берген колдоосунан улам Түркияга ыраазы экендерин айтты.

АКШнын Афганистандан чыга башташы менен Кабулдагы Хамид Карзай аэропортун коргоо тууралуу бардык көңүлдөр Түркияга бурулду.

АКШнын коргоо министрлигинин катчысы Кирби пресс- жыйын өткөрүп, Кабул аэропортунда азыр да Америка аскерлеринин бар экендигин, аскерлердин баары чыгарылгандан кийин аэропорттогу аскерлердин абалы караларын белгиледи. Кирби : «Аэропортто коопсуздуктун кандай болору тууралуу түрктөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Бул аракетке жол башчылык кылууну каалагандары үчүн аларга ыраазыбыз»,- деди.

АКШнын тышкы иштер министрлигинин күнүмдүк пресс- жыйынында да Түркиянын бул тууралуу бере турган колдоосу күн тартибине келип, катчы Нед Прайс : «Аскерлерди чыгаруу жана Афганистанда дагы кенен коопсуздук абалга байланыштуу Түркиянын ролун жана өзгөчө дипломатиялык процесске карата колдоосунан улам кубанычтуубуз»,- деди.



Тектеш кабарлар