Молдовада болгон шайлоодо Сандунун партиясы утуп чыкты
Молдова Борбордук Шайлоо Комиссиясынын так болбогон жыйынтыктарына караганда, шайлоого 48, 39 пайыздык катышуу болгон жана добуштардын 97, 30 пайызы саналды.

Молдовада 11-июлда кезексиз парламенттик шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтыктарга караганда президент Мая Сандунун партиясы биринчи болуп чыкты.
Чет өлкөлөрдөгү молдовалыктар парламенттик шайлоого 150 шайлоо участкасынан жана Молдова чектеринин ичинде да 41 шайлоо участкасынан, бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Приднестровье аймагында да жалпы 2 150 үкөктө добуш беришти.
Молдова Борбордук Шайлоо Комиссиясынын так болбогон жыйынтыктарына караганда, шайлоого 48, 39 пайыздык катышуу болгон жана добуштардын 97, 30 пайызы саналды.
Ушуга караганда батыш жактоочусу Санду курган "Аракет жана тилектешик партиясынын" добуштардын 49. 95 пайызын алып биринчи, Россияны ыктаган мурунку президенти Игорь Додондун лидерлигиндеги Коммунист жана Социалисттердин блогу болсо 29, 23 пайыз добуш алды. "ШОР" партиясы 6, 15 пайыздык добуш алып, тосмодон өтүп, парламентке кирген башка партия болду.
Тосмодон өтө албаган «Биздин» жана «Мекен» партиясынан турган «Ренато Усатый» блогу менен башка саясий партиялар парламентке кире алган жок.
Президент Санду фейсбук аркылуу берген билдирүүсүндө "чынчыл" жана "компетенттүү" өкмөт менен иштөөнү каалаарын билдирип : «Добуштарды эсептөө процесси аяктап жана шайлоонун жыйынтыгы бекитилгенден кийин биз конституциянын алкагында өкмөттү түзүү боюнча чараларды көрөбүз. Молдованы куттуктайм»,- деди.
Мурунку президент Игорь Додон да пресс - жыйын өткөрүп, шайлоого катышкан жарандарга ыракмат айтып : «Так болбогон жыйынтыктарга караганда Слциалист жана Коммунист блогу шайлоодо жакшы жыйынтыкка жетишти»,- деди. Додон Социалист партиясы менен Коммунист партиясынын алдыда парламентте бирдикте иштей тургандыгынан үмүт кылгандыгын бөлүштү.