Канададагы токой өрттөрү

Ысык аба толкунанан улам 297  башка жерде өрт чыгып көзөмөлгө алына албай жатат.

1673941
Канададагы токой өрттөрү

 Канаданын батышында бир канча убакыттан бери катуу болуп жаткан ысык аба толкунанан улам 297  жерде өрт чыгып көзөмөлгө алына албай жатат.

British Columbia аймагынын токой өрттөрү кызматынын маалыматтарына караганда өрттөрдүн 84тү акыркы 48 саатта башталды.

Жетекчилер токой өрттөрүнөн улам коркунучта болгон отурукташуу жерлери үчүн үч жаңы эвакуация эскертүүсүн жарыялады.

1100 өрт өчүргүч өчүрүүгө аракет кылган өрттөр үчүн Альберта, Онтарио, Квебек жана Нью-Брунсвик аймактарынан да жардамчы өрт өчүргүчтөр аймакка барышты. Элден ыктыярдуулар да жардам берген өрт өчүрүү иштерине тик учар жана танкер өрт өчүрүчүү учактар да катышууда.

British Columbia аймагында болуп жактан ашыкча ысыктыктан улам чыккан токой өрттөрүндө ушул кезге чейин эки киши каза болуп, 1000 гектарга жакын токой аянты күлгө айланды.

Аймакта өткөн жылдын ушул эле мезгилинде жалпы 680 токой өртү катталып, бул жылы бул сандын 947ге жеткендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар