Тажикстанда жер титирөө болуп 5 адам каза тапты
Бул тууралуу Тажикстандан Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.
1673265
Тажикстанда болгон 5,9 баллдык жер титирөөдөн 5 адам каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар комитети жасаган билдирүүдө бүгүн эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 07: 14дө баш калаа Дүйшөмбүдөн 165 чакырым түндүк-чыгыш тараптагы Тажикабад районунда болгон 5,9 баллдык жер титирөөдөн арасында балдар да болгон 5 адам каза болуп, 2 адам жаракат алганы жазылган.
Билдирүүдө, жер титирөө учурунда дээрлик 20 үй жабыркаганы жана куткаруу топтору жер титирөө болгон аймакта иштерин улантканы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.