Чавушоглу Литвада айрым кесиптештери менен жолугушту
Чавушоглу 4-Украина реформа конференциясына катышуу үчүн Литвага барды.


Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, 4-Украина реформа конференциясына катышуу үчүн барган Литвада Эстония, Венгрия жана Литванын тышкы иштер министрлери менен жолугушту.
Жолугушуулары тууралуу Твиттерден маалымат берген Чавушоглу Эстониянын тышкы иштер министри Эва-Мария Лиимец менен жолугушуусу жөнүндө: «Биз мамилелерибизди өз ара сапарлар менен бекемдөөнү максат кылуудабыз», деди.
Чавушоглу Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Шийарто менен жолугушуусуна байланыштуу: «Досум Петер Шийарто менен эки тараптуу мамилелерибиз жана аймактык темалардагы кызматташуубуз боюнча жемиштүү жолугушуу өткөрдүк» деп бөлүштү.
Литванын тышкы иштер министри Габриелиус Ландсбергис менен да жолугушкан Чавушоглу: «Эки тараптуу кызматташуубузду талкуулап, Ландсбергиске 4-Украина реформа конференциясын уюштургандары үчүн ыраазычылык билдирдим», деди.
Тектеш кабарлар

Зеленский : Россия - Украина согушу жаңы этапка кирет
Associated Pressке маалымат берген Зеленский Россия менен согуш тууралуу билдирди.