ДССУ: «Дельта варианты 100гө жакын өлкөдө аныкталды»

ДССУнун баш катчысы Гебреисус коронавирустун Дельта варианты боюнча эскертти.

1669066
ДССУ: «Дельта варианты 100гө жакын өлкөдө аныкталды»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) биринчи жолу Индияда байкалган коронавирустун (Ковид-19) Дельта вариантынын 100гө жакын өлкөдө жана аймактарда кездешкенин жарыялады.

China Global Television Network (CGTN) жаңылыктарына ылайык, ДССУнун баш катчысы Тедрос Аданом Гебреисус өз билдирүүсүндө, дагы оңой жуккандыгы аныкталган Дельта вариантынын кеминде 98 мамлекетте байкалганын эскертти.

Вакцинация деңгээли төмөн жана жогору болгон өлкөлөрдө варианттын тез жайылып жаткандыгын айткан Гебреисус, Дельта вариантынын кооптуу экендигин жана мутациясын улантып жаткандыгын билдирди. 


Этикеткалар: #Дельта вариантынын

Тектеш кабарлар