Ооганстандын түндүгүндөгү дагы 2 район Талибандын көзөмөлүнө өттү

Ооганстандын түндүгүндөгү Саманган жана Балх провинцияларындагы 2 райондун көзөмөлдөөсү Талибанга өттү.

1667728
Ооганстандын түндүгүндөгү дагы 2 район Талибандын көзөмөлүнө өттү

Ооганстандын түндүгүндөгү Саманган жана Балх провинцияларындагы 2 райондун көзөмөлдөөсү Талибанга өттү.

Саманган полиция башкармалыгынын маалымат катчысы Абдул Мунир Рахиминин айтымында, согушкерлер Саманган шаарынын Фируз Нахчир районуна куралдуу кол салган.

Коопсуздук күчтөрүнүн кол салуунун натыйжасында райондун борборунан чыгып кеткендигин билдирген Рахими, районду кайтарып алуу үчүн жакын арада операция башталаарын айтты.

Экинчи жагынан, Балхтын коопсуздук кызматкерлери согушкерлер Балхтын Өзбекстан менен чектешкен Келдер районун көзөмөлгө алышканын жарыялады.

Билдирүүдө райондогу коопсуздук күчтөрү Ооганстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара дарбазасы Хайратан аймагына чыгарылгандыгы белгиленди.

«Талибан» кыймылынын билдирүүсүндө акыркы 24 саатта 3 район көзөмөлгө алынды деп айтылган.

27-июнда уюм Өзбекстан менен чектешкен Балх провинциясынын Шор Тепе районун басып алган.

Ошол эле учурда, өлкөнүн түндүгүндөгү Баглан провинциясынын полиция башчысы Сайед Ашраф Садат провинциянын Хост району талиптерден кайтарылып алынгандыгын белгиледи.

Садат кагылышууда Талибан чоң жоготууларга учураганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар