Россияда эң жогорку өлүм көрсөткүчү катталды

Пандемия башталгандан бери каза болгондордун саны 134 миң 545ке жетти.

1666758
Россияда эң жогорку өлүм көрсөткүчү катталды

Россияда коронавирус (Ковид-19) пандемиясы башталгандан бери акыркы 24 саатта 652 менен эң көп өлүм катталды.

Россиянын Коронавирустук инфекцияны көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун билдирүүсүнө караганда, өлкөдө акыркы 24 саатта вирустан 652 адамдын каза болушу менен "эң жогорку" өлүм көрсөткүчү катталды. Ушундайча пандемия башталгандан бери каза болгондордун саны 134 миң 545ке жетти. Өлкөдө акыркы 24 саатта Ковид-19га чалдыккандардын саны 20 миң 616га көбөйүп 5 миллион 493 миң 557ни түздү.

Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко Ковид-19га каршы 23 миллион адамдын эмделгенин кечээ билдирген болчу. 



Тектеш кабарлар